Таласта мектепти оңдоо иштеринин баасы 1,5 млн сомго ашыкча көрсөтүлгөн

24.07.2021, 10:00 Акчабар
Таласта мектепти оңдоо иштеринин баасы 1,5 млн сомго ашыкча көрсөтүлгөн

Талас облусундагы мектепти оңдоо иштеринин баасы 1,5 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Талас облусундагы прокурордук текшерүү учурунда мамлекетке 1 миллион 572,8 миң сом зыян келтирүү фактысы аныкталды.

2015-жылдын 23-декабрында Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо департаменти Аманбаев айылындагы Ч.Айтматов мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн ЖЧК “Б-С” менен 13 миллион 764,1 миң сом суммасында келишим түзгөн. Оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин жогорудагы бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан аталган объект пайдаланууга кабыл алынган.

Бирок, аткарылган иштерди текшерүүдө, алардын наркы подрядчик тарабынан жогорудагы суммага жогорулатылгандыгы аныкталды. Ошондой эле жумуш сапаттуу жүргүзүлбөгөндүгү жана кошумча чыгымдарды талап кылгандыгы белгилүү болду.

Тэги: Таласская область школа ремонт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу