Өзбекстан «МИКтин» исламдык каржылоону киргизүү боюнча тажрыйбасына кызыкдар

22.12.2021, 16:37 Акчабар
Өзбекстан «МИКтин» исламдык каржылоону киргизүү боюнча тажрыйбасына кызыкдар

“Мамлекеттик ипотекалык компания” башкармалыгы “Өзбекстан ипотекалык кайра каржылоо компаниясы” ААКнын жана Өзбекстандын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен онлайн-конференция өткөрдү. Бул демилгени өзбек тарап сунуштап, Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жаңы ипотекалык тажрыйбасына кызыгышууда.

Өзбек тарап ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик ипотекалык кредиттерди киргизүү жаатында Кыргызстандын тажрыйбасын колдонуунуга кызыгуусун билдирген.

Ошондой эле “МИК” ААК турак жай аманат системасын киргизүү жана өзүнүн карамагында “Ак-Босого” турак жай-сактык кредиттик компаниясынын ачуу тажрыйбасы жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде “Өзбекстандын ипотекалык кредиттик каржылоо компаниясы” ААК өзүнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

“Кызматташтыкты улантуу максатында тараптар диалогду жана өз ара кызматташууну улантуу ниетин билдирип меморандум түзүү сунушун киргизишти”,- деп айтылат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматтында.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан постсоветтик мейкиндиктеги республикалардын ичинен исламдык каржылоо принциптерин иш жүзүндө ишке ашырган алдыңкы өлкө болуп саналат.

Тэги: ипотека Узбекистан Кыргызстан обмен опытом исламское финансирование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу