2020-жылдын январь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасы мурдагы «Дыйкан» базарынын аймагын бөлөт. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Буга байланыштуу «КТЖ» базардагы контейнерлерди, кийинки жылдын 20-январына чейин алууну суранат.
Базар 2017-жылы жабылган. Анын жабылганынын себеби, «Дыйкан» базары мунай базанын жанында жайгашкандыгында болгон. Андан сырткары, нормалдуу иштегенге ылайыктуу эмес жана кошумча чыгуучу жерлери жок болгон.
Учурда соодагерлер «Сарыз-Өзөн Дыйкан» базарына көчүрүлгөн.