Январда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 181 млн 984.4 миң долларды түздү. Бул 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 33.4% төмөндөгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.
Импорттун республика боюнча төмөндөөсү 41.9% түздү. 2021-жылдын январь айындагы жыйынтык менен импорттун көлөмү 122.9 млн долларды, экспорт — 60.036 млн долларды түзгөн. Муну менен катар айырма 62.9 млн долларга жеткен.