Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы январь айында салык жана төлөмдөрдөн 6 млрд 55.9 млн сом чогулткан. Бул тууралуу фикалдык органдын басма сөз кызматы билдирди.
Бекитилген план 119% же 1 млрд 45.9 млн сомго көп аткарылган.
2020-жылдын январь айына салыштырмалуу салык төлөмдөрү 1 млрд 724 млн сомго же 135.7% көбөйгөн.