Борбордук казынанын алдын-ала берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь айында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 8 млрд 152.2 млн сомду түзгөн.
Анын ичинен республикалык бюджеттики - 6 млрд 628.3 млн сом, жергиликтүү бийликтин бюджети - 1 млрд 695.8 млн сомду түзгөн.
Январь айында мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 10 млрд 206.9 млн сомду, республикалык бюджеттики - 9 млрд 567.2 млн сом, жергиликтүү кеңештин бюджетинин чыгашасы - 811.6 млн сомду түзгөн.
Мамлекеттик бюджеттин дефицити 1 млрд 54.7 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин кирешесинен чыгашасы 2 млрд 938.9 млн сомго жеткен.