2021-жылдын алгачкы эки айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чекене соода жүгүртүүсү 82,9 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,1% га төмөндөгөн. Көлөмдөрдүн эң чоң кыскарышы Кыргызстанда байкалган - 15,4%, 456,7 млн доллар соода жүргүзүлгөн, андан кийинки орунда Армения - 13,3% (соода көлөмү - 383 млн доллар).
Беларусиядагы соода көлөмү 3,1 миллиард долларды (4,6% га төмөндөгөн), Казакстан - 3,8 миллиард долларды (-3%) түздү. Орусияда соода көлөмү 75 миллиард долларды түзүп, бир жыл ичинде 0,7% га гана төмөндөгөн.