ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту 2021-жылдын январь-февраль айларында 60,4 млрд долларды түздү, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 10,2% га төмөндөгөн, деп айтылат ЕЭКтин отчетунда.
Жалпы көлөмдүн төмөндөшүнө карабастан, отчеттук мезгилде Беларусиянын экспорту 38,1% га өсүп, 2,8 млрд долларды түзгөн, Орусияга экспорттун көлөмү 8% га кыскарган (көлөм 50,9 млрд долларды түзгөн), Армения - 8,4% (252,3 млн доллар), Казакстан - 27,4% (6,2 млрд доллар).
Кыргызстандын экспорту 30,2% га (140 млн доллар) азайган.