Үч айда кыргызстандыктар банкоматтардан 68,5 млрд сом сом чыгарышкан

20.05.2021, 14:00 Акчабар
Үч айда кыргызстандыктар банкоматтардан 68,5 млрд сом сом чыгарышкан

2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда банктык карточкаларды колдонуу менен жалпысынан 75,6 миллиард сомго 17.4 млн транзакция  жүргүзүлгөн. Өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырганда 27,7% жана 21,7% өсүү байкалгандыгын Улуттук банктын кварталдык эсептеринен көрүүгө болот.

Накталай акча чыгарып алуу операцияларынын саны 11,2 млн транзакцияга жеткен. Бул операцияларда жалпысынан 68,5 млрд сом чыгарып алынган. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу операциялар 13,8%, ал эми акчанын көлөмү 18,5% ке өскөн.

Соода жана тейлөө мекемелериндеги POS-терминалдар аркылуу жалпы суммасы 7 млрд сомдук 6,2 млн транзакция жүргүзүлгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу операциялардын саны 63,5% ке, ал эми операциялардын көлөмү 63,5% ке көбөйгөн.

Тэги: банкомат Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу