2020-жылы каржы министрлиги 1.3 млрд сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарат. Казына вексел жана баалуу кагаздардын чыгаруу мөөнөтү водомствонун официалдуу сайтында жайгашкан.
Мамлекеттик казына вексели 550 млн сомго үч жолу чыгарылат. Кайра төлөө мөөнөтү 3,6 жана 12 айга чейин.
Мамлекеттик баалуу кагаздар узак мөөнөткө чыгарылат. Кайра төлөө 3 жыл 7 айдан кийин башталат. Чыгарылган баалуу кагаздардын жалпы көлөмү 750 млн сомго жетип, купондордун чени 5-7% түзөт.