2020 - жылдын январь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызына 2 млрд 564 млн сом жумшалган. Бул тууралуу каржы министрлиги маалымдады.
Төлөнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү ички карызга - 1.8 млрд сом, тышкы карызга - 721.4 млн сом жумшалган.
Белгилей кетсек, 2020 - жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызына 28 млрд 818.8 млн сом жумшалаары маалым болгон.
«2020 - жылы тышкы карызды тейлөөгө 16 млрд 163.3 млн сом бөлүнөт. Анын ичинен пайыздык ченге - 4 млрд 328.7 млн сом (26.8%) жана башкы суммага - 11 лрд 834.6 млн сом (73.2%) төлөнөт. 2020 - жылы ички карызды тейлөөгө 12 млрд 655.5 млн сом, анын ичинен пайыздык ченге - 4 млрд 93.2 млн сом (32.2%) жана башкы суммага - 8 млрд 562.3 млн сом (67.7%) жумшалат», — деп жазылат маалыматта.