Кыргызстандын Улуттук банкы 126 миллион 475 миң сом чыгым тартты. Мындай маалыматтар мекеменин 2024-жылдын январь айына карата финансылык отчетунда берилген.
2023-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда, абал бир топ жакшы болгон. Өткөн жылдын январь айында Улуттук банк 1 миллиард 353,1 миллион сом киреше алган.
Улуттук банкка эмне зыян алып келгени так белгисиз. Бирок анын чыгашаларына милдеттенмелери боюнча пайыздык төлөмдөр кирет: ноталар, банктардан, финансы институттарынан түшкөн акчалар, ошондой эле Эл аралык валюта фондунун алдындагы милдеттенмелер. Мындан тышкары, резервдерди түзүүгө, банкнотторду жана монеталарды чыгарууга кеткен чыгымдар, административдик, комиссиялык жана башка чыгымдар бар.
Ал эми Улуттук банктын кирешеси чет өлкө валютасы, алтын менен операциялардан алынган пайдадан, ошондой эле эл аралык камдарды тескөө, банктарга жана эл аралык уюмдарга кредиттерди берүү процессинде келип чыккан пайыздык кирешелерден жана мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялардан жана башка активдерден турат. Ошол эле учурда, жөнгө салуучу орган бир нече жолу белгилегендей, мыйзамга ылайык, пайда табуу анын максаты эмес.