Быйыл он айда Кыргызстандын ИДӨсү 7% өстү

11.11.2022, 10:23 Акчабар
Быйыл он айда Кыргызстандын ИДӨсү 7% өстү

Быйыл январь-октябрь айларында ички дүң өнүмүнүн көлөмү 688,8 миллиард сомду түздү. ИДӨ 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

“Кумтөр” ишканасын эсепке албаганда, январь-октябрь айларында ИДӨнүн көлөмү 641,1 миллиард сомдон ашты (+5%).

“Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү каралып жаткан мезгилде 337,9 млрд сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 14,3%га өстү. Бул негизги металлдарды 32,1 %га, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия өнүмдөрүн 30,7 %га, мунай өнүмдөрүн 12,8 %га, тамак-аш азыктарын (анын ичинде ичимдиктерди) жана тамеки буюмдарын 11,9%га, текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдар 5,5%га, ошондой эле тоо-кен казып алуу 6,1% өндүрүшүнүн өсүшү менен шартталды,” - деп белгилейт Улуттук статистикалык комитети.

Мындан тышкары, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 5%ды, айыл чарбасында  6,7%ды, дүң жана чекене соодада 7,3%ды түздү.

Тэги: новости Кыргызстана ВВП экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу