Жогорку Кеңештин бир айлык чыгашасы дээрлик 39  млн сомду түзгөн

05.02.2020, 09:31 Акчабар
Жогорку Кеңештин бир айлык чыгашасы дээрлик 39  млн сомду түзгөн

Жогорку Кеңештин 2020 - жылдын январь айындагы чыгашасы финансы министрлиги берген маалыматка ылайык, 39 млн 447.1  миң сомду же 564.7 миң долларды түзгөн. 

Каражаттын көпчүлүк бөлүгү - 30 млн 415.1миң сом же 77.2% - эмгек акыга жумшалган. Социалдык взноско3 млн 192.4миң сом бөлүнгөн. Товар жана ар түрдүү кызматтарды колдонууга 5 млн 821.8 миң сом жана коммуналдык кызматтарга - 17.8 миң сом бөлүнгөн. 

2019 - жылдын декабрь айына салыштырмалуу чыгаша үч эсеге азайган. Буга себеп, эмгек акылардын эки эсеге азайтылганы болгон. Белгилей кетсек, майрамдарга байланыштуу мамлекеттик структуралар 18 күн иштешкен. 

 

 

Тэги: парламент бюджет экономика расходы госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу