Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Бата жаңы конушундагы орто мектепти курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушуна 400 млн 280 миң сом сарпталат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 23-январь.