ЖК КР бюджеттер аралык мамилени өнүктүрүү боюнча талкуу өттү

03.02.2020, 10:45 Акчабар
ЖК КР бюджеттер аралык мамилени өнүктүрүү боюнча талкуу өттү

ЖК Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨПтүн долбоору менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын«Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия»долбоорунун көмөгү менен «Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү»темасында парламенттик угуу өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

ЖК Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев 2016-жылы Бюджеттик кодекс кабыл алынганын, анын талабына ылайык, кыргыз парламентинин бюджет жүрүмүндө катышуусуна артыкчылык берилгенин, ошондон улам мындан ары республикалык мамлекеттик жана бюджеттин артыкчылык багыттары Жогорку Кеңеш тарабынан аныктала турганын баса белгилеп, парламенттик угуунун катышуучуларын бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү жолдорун талкуулоо жүрүмүнө жигердүү катышып берүүгө чакырды.

Каржы министрлигинин Бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы Руслан Садырбаев акыркы жылдары салыктык базанын кеңейгенинен, салыктык башкарууну жакшырганынан, жергиликтүү экономиканын өскөнүнөн улам жергиликтүү бюджеттердин кирше базасы өсүп баратканын билдирди.

«Мисалы, жергиликтүү бюджеттин бюджети 2010-жылы 7,9 млрд сом болсо, 2019-жылы 18,2 млрд сомду түздү. Ал эми жергиликтүү бюджетке карата киреше салыгы өткөн жылы 2,4 млрд сом болсо, 2020-жылы 1,2 млрд сом көлөмүндө гана болот», - деди ал.

Андан тышкары, киреше салыгы жыл сайын 10 пайыздын тегерегинде өсүү менен, жергиликтүү бюджеттердин негизги булагын түзөрү белгилүү болду. Ал эалпы кирешенин 30 пайызын түзүүгө тийиш. Ошондон улам, жергиликтүү тургундар жергиликтүү бийлик тарабынан жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүшү зарыл. Ошондой эле, өткөн жылы өлкө аймагындагы 151 долбоорду ишке ашырууга 500 млн сом бөлүнгөн. Ал эми быйылкы бюджетте бул багытта 2 млрд 74 млн сом каралды.

 

 

Тэги: межбюджетные отношения КР ЖК КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу