ЖК Саламаттык сактоо министринин компетенциясынан шек саноодо

29.04.2021, 11:20 Акчабар
ЖК Саламаттык сактоо министринин компетенциясынан шек саноодо

Жогорку Кеңештин депутаттары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүүнү өкмөткө сунушташты. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Депутат Гүлкан Молдобекова мындай чечим кабыл алууга Бейшеналиевдин коронавирус инфекциясын аконит менен дарылоо боюнча билдирүүсү, ошондой эле эки комитеттин отурумдарын үзгүлтүккө учуратуусу негиз болду деп билдирди. Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңешке COVID-19 менен күрөшүү жана вакцинациялоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берүү үчүн чакырылып бирок, келген эмес.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп бараткандыгына тынчсыздануусун билдиришти. Ошондой эле министрдин аконит менен дарылоо жөнүндө билдирүүсү Кыргызстандын имиджин бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында бузуп, Бейшеналиев калктын саламаттыгын сактоо боюнча жооптуу кызматкер катары компетенттүүлүгүнөн шек санатты деп баса белгилешти.

Ушуга байланыштуу айрым депутаттар “ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө” деген сөздү “ээлеген кызматынан бошотуу” деген сүйлөмгө алмаштырууну сунушташты.

Талкуудан кийин депутаттар айтылган сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун жактырышты.

 

Тэги: Жогорку Кенеш КР Алымкадыр Бейшеналиев аконит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу