“Head Hunter” сайтында учурда "Күндүн бош орундары" бөлүмүндө 14 орун сунушталууда. Талапкерлерге иш берүүчүлөр орточо эсеп менен 15 миң сомдон 90 миң сомго чейин маяна убада кылышкан.
Эң жогорку айлык кардарларды тейлөө боюнча менеджерлерге (35 миң сомдон 90 миң сомго чейин) сунушталат. Жумушчу эмерек дүкөнүндө иштейт. Ишке орношуу 1 жылдан 3 жылга чейинки тажрыйбаны, интерьерди билүүнү, кардарларга сабаттуу чечимдерди сунуштоону талап кылат. Буга кошумча, кытай тилин билүүнү талап кылган жумуш оруну да бар, муну жүк ташуучу компания сунуштоодо.
Курулуш прорабына да жогорку эмгек акы 70—80 миң сом жумуш сунушталат.
Ал эми байланыш операторлору (call center) жана англис тили мугалимдери үчүн айлык төлөмдөр аз. Бирок кызматкерлер жыйынтык көрсөтсө, иш берүүчүлөр көбүрөөк төлөөгө даяр экендигин белгилешкен.