Sinopharm вакцинасы таркатуу, ташуу жана сактоо алгоритмине ылайык, республиканын аймактарына бүгүн жеткирилет. Мындай маалыматты коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабынан билдиришти.
«Аймактык деңгээлге келгенден кийин вакциналар муздаткычтагы бөлмөлөрдө +2 +8 температурада сакталып, андан ары регионалдык деңгээлге бөлүштүрүлүп, убактылуу эмдөө пункттарына жөнөтүлөт», - деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова.
Эске салсак, планга ылайык, калктын 70%, же 2 миллион 187 миң адамды эмдөө керек.