2020-жылдын январь-март айларындагы кызматтар тармагынынын дүң чыгарылышынын көлөмү - 93.9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу экономика министрлигинен билдирди.
Белгиленгендей, муну менен катар өсүүнүн реалдуу темпи 2.1% түздү.
2020-жылдын январь-март айларындагы дүң-чекене соодада дүң өндүрүм - 27.6 млрд сомду түзүп, 4.3% жогорулаган.
Маалым болгондой, транспорт кызматынын дүң өндүрүмү - 10.5 млрд сомду түзүп, 101.6% жогорулаган.
Мейманкана жана тойканалардын дүң өндүрүмү - 4 млрд сомду түзүп, 102.9% жогорулаган.
Байланыш тармагында дүң өндүрүм - 6.6 млрд сомду түзүп, 100.7% жогорулаган.