2021-жылдын май айында Кыргызстандын эл аралык дүң камдарынын көлөмү 2 миллиард 784,39 миллион доллар деп бааланган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бир ай мурункуга салыштырмалуу, 2021-жылдын апрелинде алар 4% га, же $ 108,8 млн көбөйгөн, ошол эле учурда, эл аралык камдар (2020-жылдын майынан 2021-жылдын майына чейин) 8,9% га же 227,7 млн долларга көбөйгөн.
Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн колдонот. Жыл башынан бери жалпы суммасы 208,2 миллион долларды түзгөн беш интервенция болгон.
.