Эксперт: долларга болгон талап өскөн сайын, анын курсу жогорулай берет

03.11.2020, 14:30 Акчабар
Эксперт: долларга болгон талап өскөн сайын, анын курсу жогорулай берет

Доллардын курсу бир гана Кыргызстанда эмес, коңшу өлкөлөрдө да күн санап өсүүдө. «Акчабар» доллар менен евронун наркынын кескин жогорулашынын себебин билүүгө аракет кылып көрдү.


Эксперттердин айтымында, доллардын курсу туруксуз болуп жаткандыгынын башкы бир себеби, учурда өтүп жаткан АКШ президентинин шайлоосу.


Азыркы тапта Мовска биржасында доллардын наркы 80.5 рублга жетти. Бул 2016-жылдан бери катталган алгачкы жогорку курс экендиги айтылды. Евронун көрсөткүчү да так эле ушундай көрсөткүчтө, тагыраагы, 2014-жылдан бери 94 рублга жетти. Орусиялык айрым басма сөз каражаттары эгерде Америкадагы шайлоодо Жо Байден жеңишке жетсе, доллардын рублга карата курсу кайрадан төмөндөшү мүмкүн эмес деп жазды. Ушундай эле көрүнүш кыргыз сомунда дагы катталышы мүмкүн.

Башка талдоочулардын пикиринде доллардын жогорулашынын экинчи себеби мунайга болгон баанын төмөндөшү менен байланыштуу. Коронавирустун экинчи толкуну жана чек аралардын жабылышы, мунайдын запасынын көбөйүшүнөн улам, кара алтынга болгон талап азайып, баасы төмөндөйт. Бул факторлордун бардыгы тең чет элдик валютанын курсуна таасирин тийгизбей койбойт дешет адистер.

Ал эми Кыргызстанда улуттук валютанын төмөндөшүнө экономикалык каатчылыкка алып келген саясий окуялар себеп болгону айтылууда. Инвестициянын төмөндөшү, Кыргызстандан акча чыгарылып кетиши, ишканалардын токтошу - мунун баары сомго терс таасирин тийгизүүдө дейт серепчилер. Импорттук товарлардын кымбатташына да ушул жагдайлар себеп болуп жатканы айтылып келет.

«Акчабарга» экономика министринин орун басары Нүргул Акимова билдиргендей, Кыргызстанда долларга болгон талап жогорулаган сайын, анын курсу өсө бериши мүмкүн.



«Азыр сомдун наркы бекемделчү мезгил эле. Себеби, жыл аягында карыздар кайтарылып, бардык келишимдер аягына чыгарылат. Бирок, пандемияга байланыштуу көптөгөн келишимдер түзүлбөй калган окшойт, ошол себептен карыздар көп. Бизде доллар кайсы убакта кымбаттайт? Качан гана чет элдик валютага насыя, соода аркылуу долларга болгон талап көбөйгөндө. Жергиликтүү ишкерлер насыялардын басымдуу бөлүгүн доллар менен алган болсо, анда импорт товарлар чет элдик валюта менен сатылат. Кайра насыяны төлөөрдө чет элдик валютага болгон талап дагы жоргорулайт, ошондуктан Кыргыстанда доллардын курсу дагы өсөт», - деп билдирди эксперт.



Азыркы учурда коммерциялык банктарда 1$ - 84 сомдон сатылууда, ал эми евро 97.9 - 98.5 сомго бааланып жатат.

Кыргызстандыктар мындай кырдаалда эмне кылса болот?

Башкы максат - паникага алдырбай, ажиотаж жаратпоо керек. Эгерде азыр кыргызстандыктар долларды массалык түрдө сатып алышса, анда анын баасы дагы жогорулайт. Ошондой эле, инфляциянын жана ар кандай окуялардын сомго таасирин тийгизбөө үчүн каражатты евро менен сактаган туура дейт Нургүл Акимова.



«Мен акчаны евро менен сактоого кеңеш берем, анткени доллар арзандайт. Күнүмдүк сатып алууларды сом менен гана жүргүзүү керек», - деп кошумчалады Акимова.

Тэги: чет элдик валюта валюталар курсу коңшу өлкөлөр Мовска биржасы доллардын наркы евро сом доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу