Республиканын валюта рыногундагы жагдай тууралуу

10.03.2020, 09:40 Акчабар
Республиканын валюта рыногундагы жагдай тууралуу

Азыркы учурда республиканын валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталууда. 2020-жылдын башынан тартып 9-мартка чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу бир АКШ доллары үчүн 0,49%, 69,5117 сомдон 69,8500 сомго чейин өскөн. Бул тууралуу регулятор билдирди. 

Учурда болуп жаткан өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясатынын алкагында, АКШ долларынын  сомго карата алмашуу курсу, ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон суроо-талапка жана сунушка жараша эркин түптөлөт.  

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансылык рыноктогу түптөлгөн жагдайды дайыма  байкоого алып турат. 

Чет өлкө валютасынын алмашуу курсу кескин өзгөргөн учурда, Улуттук банк жагдайды ордуна коюу боюнча кийлигише алат. Себеби УБ кескин өзгөрүүнү текшилөө боюнча жетиштүү инструменттерге ээ. 

Эл аралык камдардын жетиштүү запасы, валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгү валюта рыногунда туруктуу жагдайдын сакталышын камсыз кылат.  

Улуттук банктын эл аралык камдарынын запасы жетиштүү болуп саналат. 2020-жылдын 6-мартына карата эл аралык камдар көлөмү 2 400,15 млн. АКШ долларын түзгөн, бул өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун 4,9 айынын ордун жабат.  

Улуттук банк сом колдонууга киргизилген учурдан тартып жүргүзүп келген өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу саясаты дүйнөлүк рыноктордо орун алган өзгөрүүлөргө жана ички макроэкономикалык жагдайга ыңгайлашууда өз натыйжалуулугун тастыктаган. Бүтүндөй мезгил ичинде сомдун алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүк тенденциясы Кыргыз Республикасынын экономикасын ачык жүргүзүүдө ар кандай тышкы жана ички таасирлерге салыштырмалуу туруктуу экендигин көрсөткөн.  

Маалымат катары билдире кетсек, Улуттук банк коммерциялык банктарга, ошондой эле алмашуу бюролоруна да чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу суммасы боюнча кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизген эмес жана кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү маселесин карабайт.  

Ушул себептерден, Улуттук банк жарандарды улуттук валюта - сомдун курсуна тиешелүү божомолдорго, ушак кептерге жана башка тастыкталбаган булактардан алынган маалыматтарга көңүл бурбоого чакырат.  

Тэги: валюта рынок сом жагдай АКШ доллары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу