Газ жана мунай казуу боюнча Трамптын буйругун сот мыйзамсыз деп тааныды

26.04.2019, 09:41 Акчабар
Газ жана мунай казуу боюнча Трамптын буйругун сот мыйзамсыз деп тааныды

 Дональда Трамптын  администрациясы аргасыздан  АКШ суу жээгиндеги газ  менен мунай казуудан баш тартышты. Бул тууралуу  The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.

Андагы жайрыяланган материалда АКШ Ички иштер министри  Дэвид Бернхард менен журналлисттин маеги жарыяланган. Андагы америкалык администрация туш болгон  эң негизги көйгөй марттын аягында Аляска  аймактык Федералдык сотунун чечими болду. Анда судья  Трамптын буйругун мыйзамсыз деп таанып, анда Аляска, Түндүк муз океаны менен Атлатикалык окендын жээгигнен газ менен мунай казууга каршы чыкты. 

Эскерте кетели, бул аймактарда экологияны коргоо боюнча тыюу салуу Американын  44-президенти Барака Обама тарабынан коюлган. Ал эми  Трамп 2017-жылы тыюу салууну алып салган буйрук чыгарган. Президенттин бул буйругуна жаратылыш коргоо уюмдары чыгып, АКШ администрациясын сотко беришкен.Сот жаратылыш коргоочулардын пайдасына чечим чыгарган. 

Соттук өкүмдө Трамптын буйругу «мыйзамсыз жана президенттин берилген ыйгарым уктарынан чектен чыгып кеткен» деп таанылган. Сот президенттин укугу тыюу салган мыйзамды чыгарып, бирок аны жокко чыгарууга укуктуу эмес  деп көрсөткөн. 

 Бернхардт түшүндургөндөй,  апелляцияга берүү жана аны кайра кароо  «кандайдыр бир убакытты алат». Бул аралыкта Ички иштер министрлиги кайсыл жерде качан нефти жана газды алууга уруксат берерин тактаган жок. Министрдин айтымында, бул «администрациянын планын» бузуп коюшу мүмкүн. 

Бул соттук териштирүү АКШ 2020-жылдагы президенттик шайлоого чейин уланышы мүмкүн. Анда кайрадан Трампты шайлашабы  ошондо белгилүү  болот. 

Тэги: США добыча нефти

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу