Энергетиктер калктан электр энергияны үнөмдөөнү суранууда

12.12.2022, 14:12 Акчабар
Энергетиктер калктан электр энергияны үнөмдөөнү суранууда

Учурда өлкөдө электр жарыгы чектелүү эмес жана электр жарыгын өчүрүү пландалган жок. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Антсе да, Байгазиевдин айтымында өлкөдө энергетикага болгон кышкы керектөө рекорддук чекке жетти. 

Электр энергиясын абдан көп адам колдонгондо 3350 мегаваттка жетүүдө, былтыр бул көрсөткүч 3000 мегаватттан ашкан эмес. 

“Электр энергиясы абдан көп колдонулган сааттарда жылытуучу аппараттарды жана кондиционерлерди жайлатып же өчүрүп салыңыздар. Калган убактарда колдонуңуздар, сураныч. Бирок, бизге жок дегенде саат 17:00дөн 21:00гө чейин өчүрүү абдан пайдалуу болмок”, - деп баса белгиледи Улуттук энергохолдингдин жетекчиси.

Ал ошондой эле коңшулаш мамлекеттерде абал жакшы эмес экенин кошумчалады. Дээрлик күн сайын жабдуулар иштен чыгып, газдын жетишсиздиги тууралуу маалыматтар келип жаткандыгын белгиледи.

Тэги: экономика выработка электроэнергии Нацэнергоходинг новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу