Венгриялык компания Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди долбоорлойт

19.07.2022, 10:30 Акчабар
Венгриялык компания Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди долбоорлойт

Экономика жана коммерция министрлиги, кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жана “A-Hid” компаниясы (Венгрия Республикасы) ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Макулдашуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чакан гидроэлектростанцияларын долбоорлоо маселеси боюнча “A-Hid” венгриялык компаниясынын аткаруучу директору Ласло Салом менен жолугушуусунун алкагында жетишилди.

"Кол коюлган келишимге ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени жана чакан энергетика обьектилеринин өздөрүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Макулдашуунун алкагында кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кичи ГЭС тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселеси да иликтенет", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: “A-Hid” компаниясы энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол, коомдук транспорт курулмалары сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенет.

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасы менен Венгрия Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Уюм өз ишинде венгриялык компаниялар менен ишкер байланыштарды түзүүгө жана кызматташууга өзгөчө басым жасайт.

Фонд атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Анын уставдык капиталы 16 млн АКШ долларын түзөт.

2022-жылдын 12-майында долбоорду каржылоого арыздарды кабыл алуу башталганы жарыяланган

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу