Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон төлөнөт

23.04.2021, 14:30 Акчабар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон төлөнөт

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн урматына ардагерлерге 20 миң сомдон төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сайтында маалымдалды.

20 миң сомду Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары гана эмес, согуштун майыптары, Ленинград блокадасы жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары дагы алышат.

Мындан тышкары, тылдын жумушчулары, эмгек армиясынын адамдары жана Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн ар бирине 15 миң сомдон төлөнөт.

Учурда аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктарына 22 миллион 782 миң сом жөнөтүлгөндүгү жана төлөм башталгандыгы маалым болду. 

 

Тэги: экономика выплаты ветераны ВОВ министерство труда и социального

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу