Бардык район жана шаарларда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ветеринардык кызмат райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте мал базар, мал союучу жана эт сатуучу жайларга, мал ташыган жана эт ташуу менен алектенген автоунаалардын ветеринардык коштомо документтерин текшерди.
Райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери менен бирге 99 пост уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталды: