Ветеринардык кызмат 93 мал союучу жайдын 25ин убактылуу жапты

13.12.2022, 10:58 Акчабар
Ветеринардык кызмат 93 мал союучу жайдын 25ин убактылуу жапты

Жыл башынан бери он бир айдын ичинде өлкөнүн Ветеринария кызматы 93 мал союучу жайдын 25ин убактылуу жапты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Текшерүү иштери жарандардын кайрылуусу жана Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарынын негизинде өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө. 

“Текшерүүнүн негизинде 25 мал союучу жайга актылар түзүлүп, эскертүү берилди. Анын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, 25 мал союучу жайга мыйзам бузууларды жоюуга 1 айлык мөөнөт берилди”, - деп белгилешти мекемеден. 

Ошону менен бирге, Айыл чарба министрлиги 2023-жылы калкты таза жана сертификацияланган азыктар менен камсыз кылуу максатында ар бир облуска бардык талаптарга жооп берген мал союучу жайларды куруу пландалып жатканын белгиледи.

 

Тэги: новости Кыргызстана Минсельхоз скотобойни

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу