Аба каттамдар этап-этабы менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Россия менен сентябрь айында 20 каттам аткарылды. 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты.
«Учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди. Алар: Россиянын жарандыгы барлар, Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө), медициналык жардамга муктаждарга, жакын туугандары каза болсо, бейтапты караган адамдарга, спортчулар. Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, бул чектөөлөр да жакында алынат», - деди ал.
Боронов студенттердин Россияга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтат.
«Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат. Ага ылайык, студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», - дейт премьер.