Орусия жаратылыш газынын баасын кайрадан карап чыгат

11.05.2020, 11:10 Акчабар
Орусия жаратылыш газынын баасын кайрадан карап чыгат

Бүгүнкү реалдуулук өнөктөш-өлкөлөр менен кызматташууну активдештирүүнү талап кылат. Россия Федерациясы биздин башкы өнөктөш. Бул тууралуу  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Орусия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу учурунда айтты. 

Жолугушууда козголгон маанилүү маселелердин бири жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү болду. 

«Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү,  улуттук валютанын баасынын төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул суроону бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оңдуу жооп алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле антикризистик чаралардын экинчи пакетинин алкагында бизнести каржылоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бош каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталууда», - деди вице-премьер-министр. 

Өз кезегинде Россия тарап Кыргызстандын сунушун карап чыгууга убада берди.

Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чаралардын планын аткарууну жандандыруу зарыл деп баса белгилешти. 

Тэги: Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу