Кыргыз бийлиги Sinopharm вакцинасын ташуу боюнча ЮНИСЕФ менен макулдаша алган жок

29.06.2021, 14:00 Акчабар
Кыргыз бийлиги Sinopharm вакцинасын ташуу боюнча ЮНИСЕФ менен макулдаша алган жок

Кытай өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилген 150 000 дозалык Sinopharm вакцинасынын партиясы Пекин аэропортунда жөнөтүлүшүн күтүп жатат. Бул тууралуу Кытай элчилигинин сайтында маалымдалды.

Кийин белгилүү болгондой, вакцина ушул жылдын 20-июнунда жөнөтүүгө даяр болгон, бирок ал дагы деле Бээжиндин аэропортунда ЮНИСЕФтин учагын күтүп жатат.

Белгиленгендей, макулдашуу боюнча, вакциналарды ташууну кыргыз тарап колго алышы керек. Кыргыз өкмөтү Кытайдан Кыргызстанга вакциналарды ташуу боюнча ЮНИСЕФ менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Кытай тарапка учак тууралуу так маалымат бериле элек.

Тэги: экономика вакцинация Китай ЮНИСЕФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу