Өкмөт баткендиктерге документтерин калыбына келтирүүгө жардам берет

03.05.2021, 14:05 Акчабар
Өкмөт баткендиктерге документтерин калыбына келтирүүгө жардам берет

Өкмөт Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган, же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды.

«Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында өлкө Президентинин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт», - деди премьер-министр Улукбек Марипов.

Эске салсак, 28-апрелде, Баткен районунун Көк-Таш айылына жакын жерде чек ара айылдарынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан кийин, эртеси чек арада кырдаал курчуп, кыргыз жана тажик тараптын аскерлеринин ортосунда атышуу башталган. Натыйжада 36 кыргыз жараны каза болгон.

Тэги: документы Баткен кыргызско-таджикская граница

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу