Бийлик насыя алуучуларды 734,4 млн сомго каржылаган

19.04.2021, 09:40 Акчабар
Бийлик насыя алуучуларды 734,4 млн сомго каржылаган

Экономика жана каржы министрлиги мамлекеттик колдоонун алкагында насыя алуучуларга 734,4 миллион сомго насыяларды каржылаган. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. 

Кабыл алынган “2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга божомол жөнүндө” мыйзамда насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн 1 миллиард 253 миллион сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында 307 миңден ашуун жаран насыяларды төлөөгө каражат алышкан, жалпысынан 196 миллион сом бөлүнгөн.

Программа насыяларды каржылоодон тышкары, дээрлик бардык тармактардагы ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү карайт. Буга чейин эки миңден ашуун ишкер жылына 4% дан 11% га чейин жеңилдетилген ставкалар менен 3,4 млрд сом суммасында насыя алышкан.

Тэги: экономика госфинансирование кредитование заемщики пандемия коронавируса

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу