Жогорку Кеңеш төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды

23.07.2021, 10:00 Акчабар
Жогорку Кеңеш төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды

Жогорку Кеңеш 22-июлда “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарып берди. Бул тууралуу парламенттин сайтында жазылды.

"Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө мамлекеттик сыйлык ыйгарылган учурда аларга кол тийбестик берүү жөнүндөгү жобого көңүл бурушту.

“Мыйзам алдында Кыргызстандын бардык жарандары бирдей. Ал эми жаран кылмыш кылган болсо, анда мыйзамдын чегинде жооп берсин. Кандайдыр бир мамлекеттик сыйлык ушундай артыкчылыктарды камсыз кылып жатканда, мындай нерсе кантип болушу мүмкүн”, - деп ачууланды депутат Аалы Карашев.

Мындан тышкары, депутаттар Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтык турак-жайдан пайдалана алышат деген нормага каршы чыгышты.

 

Тэги: Жогорку Кенеш кабмин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу