Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу кум шекердин жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импортуна кошумча нарк салыгынын ставкасы 0%ды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.
Мындай чечим Кыргызстандын базарларындагы бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынды. Нөл өлчөмү ушул жылдын аягына чейин күчүндө болот.
Чечим 1-апрелде күчүнө кирген, бирок өкмөттүн сайтында токтом ушул жылдын 30-апрелинде чыккан деп көрсөтүлгөн.