Бийлик турак жай программасына 1,7 млрд сом бөлдү

29.09.2023, 11:21 Акчабар
Бийлик турак жай программасына 1,7 млрд сом бөлдү

Жылдын алты айында Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен жалпысынан 2 миллиард 716,8 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.

Бул акча ипотекалык компанияны финансылык ресурстар менен камсыздоого жумшалган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылоонун көлөмү 1,8 млрд сомдон 1,5 эсеге көбөйгөн. Башкача айтканда, сумма 916,8 миллион сомго жогорулаган.

"МИК" ААКнын мамлекеттик турак жай программасын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кошумча 1 млрд 716,8 млн сом бөлүндү", - деп билдирет Каржы министрлиги.

Мындан тышкары, акчанын бир бөлүгү, тактап айтканда, 1 млрд сом "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКтын ишмердүүлүгүн каржылоого жумшалган.

Тэги: новости Кыргызстана ГИК ипотечная компания Жилищная программа бюджет госденьги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу