Кыргызстандын энергетиктери Бишкектеги ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аталган энергетикалык объектке болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.
ЖЭБ-2нин курулушун кайра жандандыруу, 2-5 жылдын ичинде куруп бүткөрүү менен анын кубаттуулугун 460 МВтка жеткирүү сунушталып жатканы белгиленди. Келечекте кошумча кубаттуулук Бишкек шаарынын тынымсыз өсүп жаткан жаңы абоненттерин электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого мүмкүндүк берет.
Алдыда ЖЭБ-2нин жардамы менен калкты жана экономика тармактарын ишенимдүү электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу Токтогул ГЭСиндеги электр энергиясын өндүрүү жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу түзүмүн диверсификациялоого мүмкүндүк берет.
Жакын арада ЖЭБ-2ни реабилитациялоо боюнча болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыгууга тендер жарыялоо пландалууда.