Кыргызстанда 2022-жылдын 1-октябрына карата ишканалардын каржылык салымдарынын жалпы көлөмү 112 миллиард 768 миллион 567,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин материалында айтылат.
Инвестициялардын негизги бөлүгү, 103 миллиард 674 миллион 463,2 миң сому Кыргызстанда калган.
КМШ өлкөлөрүнө ишканалардын 7 миллиард 445 миллион 660,5 миң сом инвестициясы туура келген. Анын ичинен Орусияга 6 миллиард 259 миллион 326,1 миң сом, Казакстанга 1 миллиард 40 миллион 227,4 миң сом, Өзбекстанга 8 миллион 733 миң сом, ошондой эле Беларуска 35,1 миң сом туура келген.
КМШдан тышкаркы мамлекеттерге Кыргызстандын ишканаларынын инвестициясынын көлөмү 1 миллиард 648 миллион 443,5 миң сомду түзгөн.