Тышкы товар айлантуу 2019-жылдын январында $457 млн жетип, былтыркы бул мезгилге караганда 8.4% төмөндөгөн. Экспорт 15.4% кыскарып, импорт – 6.4% түздү. Бул тууралуу Улуттук Статистика комитети билдирди.
Экспорттун кыскарышына алтын ташуунун көлөмү азайганы (13.7%), автомобиль менен тракторлорго тетик ташуунун ( 4.5 эсе), пахта ( 3.3 эсе) жана кийимдер ( 3.6%) түшкөнүнө байланыштуу.
Ушул эле учурда этти экспортто (5 эсе), темир менен болот буюмдары (2.7 эсе), пластмасса менен андан жасалган буюмдар ( 42.7%), сүт жана сүт азыктары (38.8%) өскөн.
Импорттук ташуулардын азайышы химиялык заттардын ( 1.9 эсе), резина жана андан жасалган буюмдардын ( 1.8 эсе), кийим кечек (1.8 эсе), табак продукциясы ( 1.7 эсе), кара металл (37.9%), бут кийим ( 35.1%), тери буюмдары ( 29.5%), кант жана кондитердик азыктар (27.5%) азайганына байланыштуу.
Ушул эле учурда жер семирткичттерди ташып келүү ( 3.7 эсе), трикотаж (3.6 эсе), керамика буюмдары (1.9 эсе), жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар (1.6 эсе), нефтепродук ( 30.0%), электр машиналар менен жабдуулар ( 29.8%), пластмасса жана андан жасалган буюмдар ( 28.8%), тетиктер жана механикалык жабдуулар ( 28.4%), кагаз менен картондор ( 27.2%) өскөн.
ЕАЭБ кирген мамлекеттер менен товар айлантуу ушул январда $147 млн болуп, ал 2018-жылдын январына карата 4.1% түздү. Ущул эле тапта экспортук ташуу 6.7%, ал эми импорттук кирүү – 3.3%жеткен. Соода сатыктагы көп алака Россия менен (60.4%) жана Казахстан (38%) болгон.
Россияга кийим жана ага байлагышкан буюмдар (31.4%), темир калдыктары менен жездин сыкытары (21.6%), баалуу металлдардын калдыктары (7.2%), жашылча жемиш (8.5%), сүт жана сүт азыктары (4.9%). Ал эми Россиядан келген иморттун басымдуу бөлүгүн мунай заттар (35.4%), кара металл менен андан жасалган буюмдар (13.9%) жана жаратылыш газы (7.1%)келген.
Ал эми 2019-жылдын январында Казахстанга ташылган экспорттор рудалар жана баалуу металдардын концентраты (36.7%), косметика каражаттары (10%), жаңы жана кургатылган жер-жемиштер (7.8%), кийим (6.5%), бут кийим (6.3%), сүт жана сүт азыктары (5.1%), автомобиль менен тракторларга тетиктер (3.9%). Ал эми Казахстандан импорттолгон товарлардын негизин нефтепродуктулар (40.8%), таш көмүр (7%), буудай (6%), буудай уну (4.4%), минерал жана газдалган суулар (2.9%) түздү.