Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 27,7% га өстү

13.07.2021, 14:30 Акчабар
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 27,7% га өстү

2021-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 миллиард долларды түзүп, 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 27,7% га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Экспорттук берүүлөр 4,4% көбөйүп, 818,7 млн ​​долларды түзсө, импорттук түшүүлөр 40,5% га көбөйүп, 1 млрд 994,7 млн ​​долларды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,3 миллиард доллардан ашык сумманы түзүп, өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 34,8% га көбөйгөн. Ошол эле учурда, экспорттук берүүлөр 75% га, импорттук түшүүлөр 24% га көбөйгөн. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн эң чоң үлүшү Орусияга (64%) жана Казакстанга 34,4% туура келген.

Тэги: внешнеторговый оборот Нацстатком экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу