Ушул жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 8 миллиард 978,9 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Ага мамлекеттик башкаруу органдарынын, Улуттук банктын, банктардын жана башка тармактардын карыздары кирет.
Жыл ичинде өлкөнүн тышкы карызы 2,7%га өскөн.
“Кыргызстандын тышкы карызынын түзүмүндө банктардын жана акча-кредитти жөнгө салуучу органдардын карызы олуттуу өстү”, - деп айтылат маалыматта.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Улуттук банктын тышкы милдеттенмелери 121,1 млн доллардан 165,2%га, коммерциялык банктардыкы 330,6 млн доллардан 17,2%га көбөйгөн.