Кыргызстандын Улуттук банкынын тышкы карызы ушул жылдын 1-январына карата 187,8 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Ал республиканын тышкы милдеттенмелеринин жалпы түзүмүндө бир аз үлүшүн ээлейт – 1,97%.
Кошумчалай кетсек, бир жыл ичинде карыз 47,39% же 169,2 млн долларга азайган. 2022-жылдын 1-январына карата Улуттук банктын тышкы карызы 357 млн долларга бааланган.