Тышкы жана өз ара соода 41% өстү

29.12.2022, 12:46 Акчабар
Тышкы жана өз ара соода 41% өстү

Быйылкыжылдын 11 айында өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41%га өстү. Бул өкмөттүн жыйынтыктоочу жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал кошумчалагандай, импорт 76,4%га өссө, экспорт 23,1%га азайган.

Мындан тышкары, Экономика министрлигинин башчысы айыл чарбасында 323 миллиард сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын ушул мезгилине карата реалдуу өсүү темпи 106% түзгөнүн белгиледи.

Курулуш тармагында да өсүш байкалып, январь-ноябрь айларында курулуштун дүң продукциясынын көлөмү дээрлик 131 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 105%га өстү.

Ошондой эле тейлөө тармагынын жүгүртүүсү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4%га өскөндүгү белгиленди.

Тэги: экономика внешняя торговля взаимная торговля новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу