ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылдын январь-ноябрь айларында 558.4 млрд долларды түздү. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу айлануу 16.4% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Комиссиянын маалыматына ылайык, ЕАЭБдин экспорту 22% төмөндөп, 326.8 млрд долларды түзгөн. Импорт 231.5 млрд долларга жеткен.
2020-жылдын ноябрында ЕАЭБдин өлкөлөрү 56.2 млрд долларга соода жүгүртүшкөн. Анын ичинен 32.2 млрд доллар – экспортту, 24 млрд доллар – импортту түзөт.