Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы 2024-жылдын 1-кварталына азык-түлүк сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.
Тендердин жалпы суммасы 16 миллион сомду түзөт.
Жалпысынан тез бузулуучу негизги продукциянын 31 түрүн сатып алуу пландаштырылууда.