Өткөн апта, 25-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик векселдер жана облигациялар боюнча ички карызы 85 миллиард 484,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Ошондой эле, ички карыз 18-ноябрдан 21-ноябрга чейинки мезгилде да өскөн. Анда Каржы министрлиги мамлекеттик 10 жылдык облигациялардын эсебинен 535 миллион сом карыз алган.
Мында каралып жаткан мезгилде 12 айлык векселдер боюнча 6 миллион сомдук милдеттенмелер төлөндү.
Кошумчалай кетсек, бир жыл ичинде Кыргызстандын ички карызы 34,2%га, же 63,7 млрд сомдон 21,8 млрд сомго көбөйгөн.