Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 4-апрелге карата 91 миллиард 921 миллион 176,3 миң сомду түздү.
Карыз 31-марттан бери 37 миллион 519,5 миң сомго өскөн. Өсүү мамлекеттик облигациялардын карыздарынын көбөйүшүнө байланыштуу.
Тактап айтканда, Каржы министрлиги тарабынан 2 жылдык мамлекеттик облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен ички карыз көбөйгөн. Аукцион 31-мартта өткөн. Алгач бюджетке 300 миллион сом тартуу пландалып, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 15,25%ды түздү.
Ошентип, бүгүнкү күндө Кыргызстандын баалуу кагаздардын бул түрү боюнча милдеттенмелери 91 миллиард 897 миллион 448,3 миң сомго бааланган.