Кыргызстандын ички карызы 700 млн сомдон ашты

25.05.2022, 09:30 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 700 млн сомдон ашты

Кыргызстандын ички карызы 23-майга карата 73 миллиард 686 миллион 384,6 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Ошол эле маалда дем алыш алдында, 20-майда 72 миллиард 974 миллион 384,6 миң сомду түздү. Муну менен 712 миллион сомго көбөйгөн. Ички милдеттенмелердин өсүшү 10 жылдык мамлекеттик облигациялар боюнча карыздын 18,9 миллиард сомдон 19,6 миллиард сомго чейин көбөйүшүнө байланыштуу.

Эске салсак, Улуттук банк 20-майда 10 жылдык жана 3 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөргөн. Анда 3 жылдык баалуу кагаздар боюнча соода суроо-талаптын жоктугунан жараксыз деп табылса, 10 жылдык баалуу кагаздар боюнча пландагы 900 миллион сомдун ордуна 712 миллион сом 15,3% менен тартылган

Тэги: внутренний долг Кыргызстан деньги бюджет госбумаги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу