Кыргызстандын ички карызы дагы 230 млн сомго көбөйдү

16.05.2023, 11:20 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы дагы 230 млн сомго көбөйдү

Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 15-майга карата 92 миллиард 513 миллион 176,3 миң сомго бааланды.

Сумма 14-майга салыштырмалуу 230 миллион сомго көбөйгөн. Бул толугу менен Каржы министрлигинин 5 жылдык казына милдеттенмелерин жайгаштыруунун эсебинен болду. Аукцион 12-майда өткөн, бирок ал бир күн мурун гана статистикада чагылдырылган.

Белгилеп кетсек, адегенде тиешелүү мекеме мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруудан 1,4 млрд сом киреше алууну пландаган, бирок суроо-талап бир топ аз (6,1 эсеге) болгон. Натыйжада Каржы министрлиги болгон суроо-талапты канааттандырып, 230 миллион сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырган. Облигациялар боюнча купондук чен 6%ды, орточо кирешелүүлүгү жылдык 16%ды түздү.

Кошумчалай кетсек, 5 жылдык баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү мурунку соодалоого салыштырмалуу өзгөргөн жок.

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг деньги бюджет экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу